Текст песни Мирбек Атабеков — Кечки Бишкек

Кечки Бишкек — мен көргөн тагдырга болдуң себеп

Музга айланган көңүлдүн дартына жообуң керек

Азыр кайда? Азыр кайда?

Айтчы мага?

Бакытка балкыган

Жан дүйнөм чалкыган — жаным!

Жалындаган, жараланган жүрөгүмдү

Сен аны билбейсиң

Сен аны сезбейсиң

Сен мендей сүйбөйсүң — жаным!

Суктанып караганың

Көңүлдү баалап аяганың

Андагы мамилеңди

Мен кимден табаламын?

Ой баскан санааларым

Оорубас дүйнөм жараладың

А балким, жолугуп мен

Айткым келет сага баарын

Кечки Бишкек — унутулгус күндөрдү кылдың белек

Ал кездерде айттырбай түшүнүп жүргөн элек

Жүргөн элек

Азыр кайда? Азыр кайда?

Айтчы мага?

Бакытка балкыган

Жан дүйнөм чалкыган — жаным!

Жалындаган, жараланган абалымды

Сен аны билбейсиң

Сен аны сезбейсиң

Сен мендей сүйбөйсүң — жаным!

Суктанып караганың

Көңүлдү баалап аяганың

Андагы мамилеңди

Мен кимден табаламын?

Ой баскан санааларым

Оорубас дүйнөм жараладың

А балким, жолугуп мен

Айткым келет сага баарын


ПОПУЛЯРНЫЕ ПЕСНИ: